Орусиянын Южно-Сахалинск аймагында мектеп окуучусун "төрөлбөй эле койсоң болмок" деп айткан мугалим иштен убактылуу четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Южно-Сахалинсктеги №4 мектепте музыка сабагы учурунда орун алган. Мугалим 6-класста окуган кызды катуу урушуп жатканы жазылган аудио тараган.
"Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө. Сабакка даярданбай келген кызды катуу урушуп, аны "төрөлбөй эле койсоң болмок" деген мугалим учурда жумуштан убактылуу четтетилди. Эгер анын күнөөсү далилденсе педагогикалык этиканы бузгандыгы үчүн ал жумуштан биротоло алынышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.