Индияда бутунан крокодил тиштеп алган өспүрүмдү достору куткарып калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 13-майда Гуджарат штатында орун алган. Анда достору менен сууга түшүп жаткан 14 жаштагы Сандип Кальмеш Пармардын (Sandeep Kamlesh Parmar) бутун крокодил тиштеп алган.
"Өспүрүмдүн бутуна жабышкан крокодилди коркутуу үчүн анын достору таштар менен ургулашкан. Чочуган крокодил баланын бутун коё берген. Балдар аны жээкке сүйрөп чыгып, ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер баланын бутунун сөөгү катуу жабыркаганын айтышкан. Учурда ал тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Өспүрүмдүн атасы анын досторуна ыраазычылыгын билдирип, эгер алар жардам бербегенде окуя кайгылуу бүтмөк деп белгилеген", - деп айтылат маалыматта.