АФК Кубогу: Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чемпиондорунун беттешинде ким жеңишке жетет?

Бүгүн, 15-майда футбол боюнча АФК Кубогунун тайпалык баскычында Кыргыз өлкөсүнүн учурдагы чемпиону "Дордой" клубу Тажикстандын чемпиону "Истиклол" командасын кабыл алат.

Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат. Билет баасы 150-200 сом.

Аталган командалардын алгачкы оюну 1-май күнү Дүйшөмбү шаарында өтүп, бишкектик клуб 4:1 эсебинде жеңилип калган.

"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. 3 оюндун жыйынтыгы менен тайпанын сап башында 7 упай топтогон "Истиклол" клубу турса, "Дордой" командасы 1 упай менен акыркы орунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
expert.007
2019-05-15 13:31:29
Намыс үчүн ойноп койгула жигиттер. Биз силерден жеңиш күтөбүз. Голдорду жаадыргыла
0
kanybek1986
2019-05-15 16:34:50
Уткула ийгилик 1-0 го болсода
0
kanybek1986
2019-05-15 16:36:10
Мен Душанбе шаарына барып көрүп келдим истиклол күчтүү команда экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан