
"Атлетико" футболдук клубунун чабуулчусу
Антуан Гризманн клубдан кете турганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Гризманн алдыга жаңы максаттарды койгондугуна байланыштуу клубдан кетип жаткандыгын билдирген. 28 жаштагы форвард жай айларында "Барселона" футболдук клубуна өтөрүн да кошумчалаган.
"Диего Симеоне ("Атлетиконун" машыктыруучусу) жана клуб жетекчилигинин башка мүчөлөрү менен болгон сүйлөшүүдөн кийин кетүүнү чечтим. Мен өзүмө жана жаңы максаттарга чакырык таштадым. Бул мага керек деп ойлойм. 5 жыл аралыгында көрсөткөн колдооңуздар үчүн рахмат. Дал ушул клубдун курамында чоң ийгиликтерге жетиштим, ал күндөр эч качан унутулбайт", - деп билдирген футболчу.
Гризманн "Атлетико" клубуна "Реал Сосьедад" клубунан 2014-жылдын жай айларында өткөн. Беш сезон аралыгында чабуулчу мадриддик клуб үчүн жалпы 256 беттеш өткөрүп, 133 гол киргизген. Ошондой эле 2014-жылы Испаниянын Суперкубогун, Европа Лигасын (2017/2018) жана УЕФА Суперкубогун (2018) жеңген.