Германияда адамдарды арбалет менен атып өлтүргөндөр изделүүдө

Германияда адамдарды арбалет менен атып өлтүргөндөр изделүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Пассау шаарындагы мейманканалардын биринде 3 адам өлтүрүлгөн. Андан көп өтпөй эле Виттинген шаарында да 2 адамдын жансыз денеси табылган. Мейманкананын ичинде жансыз денелердин жанынан 3 арбалет табылган. 5 адам тең арбалеттен чыккан жебеден көз жумганы белгилүү болгон.

"5 адам тең Германиянын жарандары окуя болгон жерде эч кандай күч колдонуу болбогону көрүнүп турат", - деп билдирген полиция кызматы.

Ал эми Виттинген шаарындагы кылмыш тууралуу көп маалымат жок. Маркумдардын кошуналары алар дайыма кара кийим кийип, өзүн башкача алып жүрүшкөндүктөрүн айтышкан. Бул ишти иликтеп жаткан тергөөчү азырынча кандайдыр бир маалымат берүүгө эрте экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан