Дагы бир судья өлкөдөн чыгып кетти. Күч органдары ага издөө жарыялайт

Өлкө аймагынан чыгып кеткен Москва районунун мурунку судьясы Марлес Феликске издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экс-судья пара алууга шектелип, 2018-жылы күз айларында анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, судьялык кызматынан бошотулган. Бул окуядан кийин судьялар кеңешинин дисциплинардык кеңеши Марлес Феликсти жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Айрым маалымат булактары жазып чыккандай, өлкө аймагынан чыгып кеткен судья талашка түшкөн жер тилкелери боюнча иштерди карап келген.

Буга чейин Октябрь райондук сотунун Эрнис Чоткараев аттуу судьясынын үстүнөн 2018-жылдын октябрь айынын соңунда Жогорку Соттон Судьялар кеңешинин дисциплинардык кеңешине мыйзамсыз иштерге барганы боюнча арыз түшүп кызматтан бошотулган. Кийин ал 1300 документти жок кылып, өлкөдөн чыгып кеткени айтылган. Учурда ал АКШда экендиги айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bond02
2019-05-15 11:28:31
Суроту жокпу?
0
Abdizhapar
2019-05-15 11:35:21
Жеп ичкичтер озунор качырып озунор издоо жарыялап элди алдай бергилечи силерге да жаза бар Кудайдын алдына барганда качырып кача албай калсанар керек
+6
titanik32
2019-05-15 11:36:37
Жоготуп таппай жатсаңар келип үйүмдөн алып кеткиле,мен сыйлап жатам кой союп кымыз берип.
0
MAN-CITY
2019-05-15 11:49:27
Андайларды жумуштан бошоткондон кийин соттоп подписка о невыезде кылып койгула озунун районунан чыгалбай турган кылып.
+2
talas0707
2019-05-15 12:08:52
Бул жагы жоо кеткенде кылычынды ташка чап болуптур. Сен кач эки айдан кийин издоо жарыялайбыз деген чыгаар.
+1
elchi84
2019-05-15 12:15:35
Мындай кылмышкерлердин суротун чоон кылып чыгарып корсотуп койгула да.
0
Skarlett-Skarlett
2019-05-15 13:28:00
ХХХХХ!Кай жерде болбосун коррупция!!!Анан качып кетти деп оозду ачып кала бермей.....
0
senchi
2019-05-15 14:08:24
Өлкөдөн чыгарып жиберген,биринчи чекара кызматкерлерин суракка чакыргыла.Качып жүргөн аткаминерледин баарына чек ара кызматкерлеринен суракты баштагыла.
0
Catti-80
2019-05-15 14:10:48
Ал куловдун баласы болуш керек
Гражданин Америка эскиден эле кантип ишке алышты высокий чинге
0
Ruslan-bel-oruk
2019-05-15 15:10:24
Кантип качып кетет тоок урдаса бат эле кармашатко ?? Бизде акчан болсо барын жасасан болот акча чечет Сотко да акча берсен Сен адам олтурсон да таптаза кылып чыгарып койушат
0
taalay25
2019-05-15 17:15:07
Акчаны топтоп туруп качып кетти АКШга тынбай иштеген бизде АКШ эмес Кыргызстанга барып келгенге акча жок болуп атат
0
Snejana
2019-05-16 04:27:17
Кылбаганынар жок ээ. Оздору качырып туруп, издоо жарыялап коюшат. Ал эч нерсе эмес. Бир жолу Гос жумушка жумушчуну эчаак эле алып туруп, кийин ваканция бар деп жарыялап коюшканда, жакамды кармаганмын.
0
senchi
2019-05-16 14:26:19
Чек арадан кандайча өткөнүн сурагылачы Суперинфо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан