Көпчүлүккө "Кумар", "Сен эмне кылмаксың?", "Сүйүү жазы" деген тасмалар аркылуу таанылып, андан сырткары бир канча клиптерде роль жараткан актриса Калипа Усенова уулдуу болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына сүйүнчүлөп, кубанычы менен тең бөлүштү.
"Бүгүн, 15-майда түшкү саат 12де уулдуу болдук. Балам 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү. Бою 52 сантиметр. Кудайга шүгүр, төрөтүм жеңил өттү. Учурда экөөбүздүн тең ден соолугубуз жакшы", - деди ал. Ошондой эле учурда наристеге ысым тандала электигин кошумчалады.
Актрисанын Эркин аттуу уулу жана Элина аттуу кызы бар.