Самара Каримова күйөрмандарына кытай тилинде аткарган ырын сунуштады. Ырчы көпчүлүк жакшы кабыл алганын белгилеп, музыкалык чыгарма тууралуу айтып берди. Анын "Шиаң иуе жиу ба" ыры кыргыз тилине "Жолугушалы" деп которуларын кошумчалады.
"Кыргыз тилинде ырдаган 100дөн ашык ырым бар. Андан тышкары орус, түрк, өзбек тилдеринде да ырдагам. Күйөрмандарыма жаңы нерселерди тартуулагым келип, репертуарыма кытай тилинде ыр кошууну туура көрдүм. Кытайда ар бир адам жактырган, эстеп ырдап жүргөн ырды аткаргым келген. Изилдеп жатып ушуга токтолдук. Бул ырды дээрлик баары билет экен. 1998-жылдан бери ырдалып жүргөнүн айтышты. Кытай тили татаал эмеспи, 2 айдай даярдандым. Тилди жакшы билген адамдар жардам беришти. Күйөрмандарым жакшы кабыл алышты. Ар тараптан колдогондорго рахмат айтам", - деди.
Кытайдын Кызыл-Суу автономдук облусунда жашаган ырчы Нуржамал Турган кызы ырдын маанисине токтолуп өттү.
"Жолугушалы" деген ыр сүйүү тууралуу эмес. Жакшы күндөрдө жакшы ниет менен жолугушалы деген мааниде. Бул ыр татаал болгондуктан анча-мынча адам ырдай албайт. Сөзү татаал, кайталанган жери жок. Сынактарда күчтүү ырчылар ырдайт. Өзүбүз кайра-кайра текшерип анан жаздырдык. Пекинге жөнөтүп койдум эле кытайлык ырчы ырдаптыр деп ойлошуптур. Кийин "чын эле Кыргыз ырчысы ырдадыбы?" деп аябай таң калышты. Үнү дагы жакшы жарашып, сөздөр жумшак айтылган. Ырды жеткире аткарды. Муну сынактарда күчтүү ырчылар аткарып жүрчү", - деди Нуржамал Турган кызы.