Өзбекстанда акысыз батир алгысы келген аял эки манжасын кесип салган. Мындай маалыматты Ташкент шаарынын мамлекеттик администрациясынын башчысы Жахонгир Артыкходжаев маек учурунда айтып берген.
Башчыга жашоочулар көйгөйүн чечүү үчүн кандай өзгөчө ыкмаларды колдонору тууралуу суроо берилгенде төмөндөгү окуяны айтып берген.
"Мен акысыз батирлер майып жана аз камсыз болгон адамдарга бериле турганын айтып, ал аялды узаткам. Бир жумадан кийин аял кайра келип, батир талап кылды. Мен берилбей турганын айттым. Ал үйүнө барып эки манжасын кесип салыптыр. Андан кийин колун ороп майып болуп калганын айтып, батир берүүнү суранды. Мен бул окуяга абдан таң калдым", - деген администрация башчысы.