Грузияда 4 жаштагы бала жөргөмүш адамдын кийимин кийип, 8-кабаттан секирип кеткен

Грузияда 4 жаштагы бала жөргөмүш адамдын кийимин кийип, 8-кабаттан секирип кеткен. Бул тууралуу чет элдик маалыматтар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 8-майда болгон. Анда үйдө 4 жашар бала жана анын чоң энеси гана болгон. Бала кийимди кийип, 8-кабаттан секирип кеткенин чоң энеси байкабай калган. Ага кабарды кошуналары келип айткан. Бактыга жараша бала көп кабаттын алдында өскөн жүзүм багынын үстүнө түшкөндүктөн аман калган. Аны ошол замат ооруканага алып барышкан. Ал өтө кооптуу деп эсептелбеген жаракаттарды алганын дарыгерлер айтышкан.

Кийинчерээк 4 жашар бала мультфильмдеги белгилүү жөргөмүш адамды туурап секиргени белгилүү болгон. Ал 14-майда ооруканадан чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Supsuluu
2019-05-15 23:55:08
Кудай сактаптыр. Менин балам да мен человек паукмуун деп эле чыга калат. Бактыга жараша биз жер үйдө турабыз.
+7
rysik79
2019-05-16 00:04:43
Кудайым сактасын
+7
fora
2019-05-16 00:31:30
8 этаждан секирип тируу калса чынында эле жоргомуш экен
+29
Eli.91
2019-05-16 07:01:15
fora
Жараткан Аллах Тааламдын кудурети менен аман калыптыр.Эх азыркы кундун мулт филимдеринин акфбаты.Балдарыбызды тынбай козомолдоп туралы дочтор.
+4
Abdullatif
2019-05-16 04:35:53
Мен да больницада бир кичинекей баланы көрдүм, человек пауктун кийимин кийип бийик жерден секирип бети менен түшүп калыптыр.
+1
AykaMer
2019-05-16 07:51:11
Кокуй,Кудай сактай көр. Менин баламда паукмун деп кийинип алып нары бери секирет да....Өллө урушамда чыкпа өйдөгө деп:)
+1
jalgyzym...
2019-05-16 22:52:14
Азыркы мультфильмдер баланын психологиясына терс таасирин тийгизип жатат. Мисалы Актан Акылайды корсоткуло жакшы тарбиялык маанисида сонун. Бала коргонун кылатта
+3
radostmoya
2019-05-22 11:14:06
Бүгүн эле менин балам да человек пауктун формасын кийип барам бакчага деп туруп алды. Кийгизип койдум шагын сындырбай. Кудай өзү сактасын, быйтыйган наристелерибизди!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан