"Дордой"-"Истиклол" беттешинде бишкектик клуб жеңишке оңой жете алган жок. Мындай пикирин оюндан кийинки маалымат жыйынында бишкектик клубдун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү беттеште оюнчулар аягына чейин күрөшүп, жыйынтыгында ийгилик жылмайды.
"Алгачкы таймда көптөгөн катачылыкка жол бердик. Мындан пайдаланган атаандаш гол жаратты. Бирок экинчи таймда команда өзүнө келип, керектүү учурда күчтөнө алды. Жыйынтыгында эмгегибиздин акыбети кайтып, жеңишке жетише алдык.
Буга чейинки статистикаларды карап көрсөк "Дордой" да, "Алай" да эл аралык беттештерде көп жылдан бери жеңишке жете элек экен. Бүгүн ал ийгиликсиз учурларга чекит коюлду. Алдыдагы оюндарда дагы жеңишке жетишүү үчүн болгон аракетибизди жумшайбыз.
Бүгүн биз баарын туура аткардык десем болот. Бирок көйгөйлөрүбүз дагы аз эмес. Мисалы, коргонуу бөлүгүндө кемчиликтер бар. Буга кошумча Азамат Байматов дагы жаракат алып калды. Бул жагынан алып караганда абалыбыз оңой эмес. Анткен менен футболчуларыбызды мактай кетсем жарашат. Алар алгачкы бөлүктө утулуп жатканына карабай жеңишти алып келишти. Алдыда дагы 2 оюн бар. Аягына чейин күрөшүп, тайпадан чыгууга аракет кылабыз", - деди Крестинин.
АФК Кубогунун тайпалык баскычынын 4-турунда орун алган "Дордой"-"Истиклол" беттеши 2:1 эсебинде бишкектиктердин пайдасына жыйынтыкталды. Кийинки турда Александр Крестининдин шакирттери Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубу менен ойнойт. Беттеш 19-июнда Түркмөнстанда өтөт.