АКШда 50 кабаттуу имараттын айнектерин жууп жатып курулуш бешиги иштен чыккан эки адам куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-майда эртең менен Оклахома шаарында орун алган. Анда 50 кабаттуу имараттын айнектерин жууган эки адамды бийиктикте кармап турган конструкция иштен чыгып, алардын өмүрүнө коркунуч жаралган.
"Курулуш бешиги иштен чыгып, ал шамалдан улам эки жакка күүлөнүп баштаган. Куткаруучулар окуя болгон жерге барып эки адамды куткарууга жетишкен. Алар жабыркаган эмес", - деп айтылат маалыматта.