АКШнын Массачусетс штатында төрөт үйүндө иштеген 8 кызматкер бир учурда кош бойлуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кош бойлуу кызматкерлер июнь-октябрь айларынын аралыгында көз жарышы керек. "Таң калычтуу, бирок баары тамашадан башталган" дейт кызматкерлердин бири. Учурда кош бойлуулардын бешөөнүн уулдуу болору белгилүү болду. Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Шанна Мавилио анын кол алдында 50 кызматкер иштей турганын, бир кызматкери март айында көз жарып, дагы 8 кызматкери бир учурда декреттик өргүүгө кетерине өзүн даярдап жатканын айтты", - деп айтылат маалыматта.