Бишкектеги Панфилов сейил багында жайгашкан кафелердин бири жана кичи зоопарк жаныбарлары менен кошо өрттөнүп кетти

Бишкектеги И.В.Панфилов сейил багында жайгашкан кафелердин бири жана кичи зоопарк экзотикалык жаныбарлары менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт 15-майдан 16-майга караган түнү болгон.

"Өрт тууралуу маалымат келип түшөр менен өрт өчүрүү кызматы окуя болгон жерге барган. Тилсиз жоо чектөөгө түнкү саат 2:03тө алынган. Жалпы аянты 400 чарчы метр болгон “Живая экзотика” кичи зоопаркы, “Деревяшка” кафеси жана экзотикалык жаныбарлар күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Өрт эмнеден чыккандыгы жана анын чыгымдары такталууда.




Панфилов сейил багындагы кафеден өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан