Бишкек шаарында 28-май күнү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Анаркул Кыбраевдин байгеси үчүн кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында саат 9:00дө башталат.
"Мелдешке жашы 18ден өйдө болгон бардык спортчулар катыша алат. Алар 60, 74, 84 жана 84 килограммдан жогорку салмак ченинде күч сынашат", - дейт басма сөз кызматы.
Маалымат үчүн: Анаркул Кыбраев - Кыргыздын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Спорттук карьерасында 70тен ашык спорт чеберин тарбиялап, алардын үчөө бел боо күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону болгон. Кыбраев ошондой эле XXII Олимпиада оюндарында марафонго чуркоо боюнча коло медалдын ээси Сатымкул Жуманазаровдун биринчи машыктыруучусу катары таанымал.