Чүйдө 23 жаштагы жаран агасын бутка атып салды

Чүй облусундагы Москва районунун милиция кызматкерлери өзүнүн бир тууганын аткан адамды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-май күнү болжол менен саат 11:30 чамасында Ак-Торпок айылынан милиция бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ 2 бир туугандын ортосунда чыр чыгып, бирөөсү экинчисин мылтык менен атып салганы белгилүү болгон.

"Териштирүүнүн жыйынтыгында чырдаша кеткендер аталган айылдын 23 жана 51 жаштагы тургундары экендиги аныкталган. Ок чыгарган 23 жаштагы жигит жабырлануучунун бир тууганынын баласы болот. Жаракат алган жаран аймактык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын бир бутун кесүүгө аргасыз болушкан", - деп жазылат маалыматта.

Окуя болгон жерден ИЖ-16 үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган. Кылмышка шектүү кармалып, 2 айга камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан