Кечээ, 15-майда АФК Кубогунун тайпалык баскычынын 4-турунун алкагында "Дордой" клубу тажикстандык "Истиклолду" кабыл алды. Коноктордун оюнчусу Алишер Жалиловдун голуна Вахыт Оразсахедов менен Мирлан Мурзаев татыктуу жооп кайтарып, жыйынтыгында беттеш 2:1 эсебинде бишкектиктердин пайдасына чечилди.
"Дордой" клубу "Алтын Асыр", "Истиклол" жана "Худжанд" клубдары менен биргеликте D тайпасына туш келген. Аталган клубдар өз ара 2 жолудан беттеш өткөрүп, эң көп упай топтогон команда мелдештин плей-офф баскычына чыгат. Алгачкы турда бишкектик клуб түркмөнстандык "Алтын-Асырды" кабыл алып, беттеш 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. 2 жана 3-турда "Дордой" Тажикстандын клубдары менен конокто оюн өткөрдү. 17-апрелде "Худжанд" командасынан 3:1, 1-майда "Истиклолдон" 4:1 эсебинде жеңилип калган.
Жыйынтыгында 4-оюнда 4 упай топтогон "Дордой" тайпада 4-орунда келе жатат. "Худжанд" клубу да 4 упай топтогону менен, голдордун айырмачылыгы жакшыраак болгондуктан 3-орунга жайгашкан. Ал эми 6 упай топтогон "Алтын Асыр" 2, "Истиклол" 7 упайы менен 1-саптан орун алды.
Алдыда дагы 2 беттеш орун алат. 19-июнда "Дордой" командасы "Алтын Асыр" менен конокто ойносо, 26-июнда "Худжандды" кабыл алат.