Жалал-Абад ооруканасында жаткан 2 жашар кыз 10 күндөн бери эсине келе элек. Кыздын апасы милицияга арыз жазды

Жалал-Абад облустук ооруканасына оор абалда келип түшкөн 2 жашар кыздын ден соолугунда 10 күндөн бери жылыш жок. Кыз алигиче дем алдыруучу аппараттын жардамы менен дем алууда. Бул тууралуу кыздын апасынын жанында жардам берип жүргөн Каныкей Азаматова аттуу айым SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында кыздын апасы кечээ Жалал-Абад ОИИБине барып арыз жазган.

"Апасы кызын бул абалга ким алып келген болсо, ошол жазасын алсын деп жатат. Азыр өзүнүн абалы деле жакшы эмес. Ал кызына 2 саат сайын кирип, "кызым мени таштап кетпе, сени жакшы көрөм" деп ыйлап жатат. Наристе комадан чыга элек.

Келинден кыздын атасы тууралуу сурасам, аны менен катышпай турганын жана ал кыздарынан кабар албаганын айтты. Кызын багууга таштап кеткен өгөй апасы тууралуу сурасак, "андан жаман нерсе күтпөйм. Орусияга деле айла жоктуктан кеткем. Көбүрөөк акча таап, эки кызымды колго алып жетиштүү багайын дегем. Бул жактан кетип жатканда жол киреге жана Орусиядан жумуш тапкыча жашап турганга деп насыя алып кеткем" деди кыздын апасы. Эми ошол алган насыясын айына 3 миң сомдон төлөп турушу керек экен. Учурда аны төлөшкөнгө жардам берели деп жатабыз", - деди Азаматова.

Сузак районундагы айылдардын биринен 2 жаштагы кыз оор абалда ооруканага келип түшкөн. Бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИБи кылмыш ишин ачкан. Кыздын абалы өтө оор деп бааланууда. Апасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми кичинекей кызды апасынын өгөй энеси карап жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Avrora2017
2019-05-16 17:02:50
Азаматова айым азамат экенсиз ушул келинге жардам берип кредитин толошконго жардам берели деп жатканынарга рахмат, бул келиндин эки кызы болсо атасы кайда журот болду экен ХХХХ болуп, кайдан кара ХХХ болуп эмнеге кыздарынан кабар албайт экен кабар албаса значить алимента толобойта ушундай акмактарга качан чара коросунор я, алимент толобогон качкын аталарга чара корулуш керек ошондо кичине тартип болот туш келди таштай бербей балдарын, кандай жанылык окуба атасы таштап кеткен толи качып кетк
+11
Avrora2017
2019-05-16 17:11:18
Avrora2017,качып кеткен, же кабар албаган аталар постоянно жеткен акмакчылык, бага албасанар ушундай жоопкерчилиги жоктор бала жаратпай эле койгула, кыйнабай балдарды, кууратпагыла момундай бобокторду, вот эми эштеке коро элек бобок олум менен омурдун ортосунда жатат кандай болот эми, айыгып кетсе экен эптеп жаман боорум ооруду ушуга
+9
Colombiana
2019-05-16 18:18:43
Кичинекей кыздын таенеси огой болсо,ошонун эле колунан келди го деп ойлойм.Айыгып кетсин,Кудайдан мин мертебе тилек кылам.
+3
bond02
2019-05-16 22:26:38
Каматсын куноосун далилдеп туруп.
0
Jasa
2019-05-17 11:33:40
Алиментке тапшыруу жолдорун женилдетуу керек,барсан 99 документ сурашат да,кукук аталарга катуу чарамкорулбосо ото кобойуп кетти жон гана таштап экинчисин таап кеткендер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан