
"Так талашуу оюну" тасмасынын күйөрмандары жаратуучуларга 8-сезонду кайра тартуу талабын коюшуп, Change.org сайтында петиция жарыялашты. Алар легендарлуу чыгарманын финалдык бөлүгүнүн сценарийин жазуу үчүн мыкты адистерди чакырууну сунуш кылышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Дэвид Бениофф жана Дэниел Бретт Уайсс таянычы болгон китеп жок кезде өздөрүнүн деңгээлин көргөзүштү. Сериал кандайдыр бир мааниге ээ болгон финалга татыктуу", - деп жазылган петицияда. Петиция бир жума мурун жарыяланып, 240 миң кол топтой алган.
"Так талашуу оюну" сериалынын финалдык бөлүгүнүн айланасындагы чырлар 5-серия чыккан соң күчөгөн. Күйөрмандар окуянын өнүгүп жатышына жана сюжеттеги айрым көрүнүштөргө нааразы. Ал эми айрым көрүүчүлөр тасманы 3-сезондон кийин эле кызыксыз болуп көрбөй калганын айтышкан.
Жазуучу сериалга болгон катыштыгын 4-сезондон кийин таптакыр үзгөн. Буга чейин ал жок дегенде 1-сезондун 1 сериясынын сценарийин жазып берип турган.
Жорж Мартиндин "Муз жана от ыры" чыгармасы 2011-жылы жарык көргөн. Азыркы тапта жазуучу 6 бөлүк болгон "Кыш шамалдары" бөлүгүнүн үстүндө иштеп жаткан мезгили. Автор акыркы 7-бөлүк болгон "Жазды эңсөө" чыгармасы жазыларын да билдирген.