Ырчы Алсунун кызы жеңүүчү болгон "Голос. Дети" сынагынын жыйынтыгы жокко чыгарылды

Апрель айынын соңунда "Голос. Дети" сынагындагы жаңжалга байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыгын атайын кызматтар текшерүүгө алышары айтылган эле. Текшерүүдөн кийинки алдын ала көрсөткүчтөргө таянып Биринчи канал сынактын жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу 16-майда ТАСС жазып чыкты.

Group-IB компаниясынын адистери телефон чалуулар жана смс аркылуу берилген добуштарды, добуш системинин коопсуздугун анализдеп чыгышкан.

"Алдын ала маалыматтарга ылайык добуш берүүгө тышкы күчтөр таасир эткен. Бул шоунун жыйынтыгын өзгөртө алган. Group-IB отчётту толугу менен май айынын соңунда берет, бирок азыркы маалыматтардан улам Биринчи канал долбоордун жыйынтыгын жокко чыгарат", - деп айтылат каналдын билдирүүсүндө.

Жаңжалга байланыштуу "Голос. Дети" сынагынын атайын чыгарылышы көрсөтүлгөн эмес эле. Ал 24-майда эфирге берилери маалым болду.

Ырчы Алсунун кызы Микелла Абрамова "Голос. Дети" сынагын жеңип алган эле. Орусиянын, Казакстандын ырчылары, көрүүчүлөр сынактын жыйынтыгына нааразы болуп, интернет колдонуучулары орундар сатылган деген пикир жазышкан. Андан соң Биринчи канал добуш берүүнүн жыйынтыгын кайрадан текшерип чыкмай болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2019-05-16 23:56:57
Байкуш кыз ыйлай берип болбой калса керек... Жөн эле койуш керек болчу. Утту болду утулгандар чычалабай!!!
+1
Skarlett-Skarlett
2019-05-19 16:42:13
Ali-han,Эмнеси утту?Озу кордунузбу?Эржан Максим кандай таланттуу бала.Ырас гана болуптур,Алсу нефти магнатынын кызы,чалчактап акчага сатып алып конуп калган да.Кызы жонокой эле ,,бездарная''орусча айтканда.
+1
karona12
2019-05-17 05:27:38
Ураа орустар азамат экен акыры адилеттуулук орнотушту.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан