Калифорния штатында кайрымдуулук акцияда эркектер такалуу туфлилерди кийип чуркоо таймашына катышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, акциянын негизги максаты аялдардын үй-бүлөлүк жана сексуалдык зордук-зомбулукка кабылып жаткандыгына коомдун көңүлүн бурдуруу болуп саналат.
"Чуркоо таймашын уюштуруп жаткан уюм 1994-жылдан бери качкын аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо менен алектенген уюм жана мекемелер менен тыгыз кызматташып келет. Бул акцияга катышуу 50 долларды түзүп, ар бир катышуучуга ижарага такалуу туфли, футболка жана сувенирлер берилет", - деп айтылат маалыматта.