Дубайдын аэропортунда учак кырсыктап, 2 адам каза болду

Дубайдын аэропортунда учак кырсыктап, 2 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, чакан учактын ичинде 4 адам болгон. Анын экөө каза болгонун Dubai Media Office тастыктады. Алар эки моторлуу "Diamond-43" үлгүсүндөгү учактын капитаны жана анын жардамчысы экени маалым. Ал эми аман калган 2 адамдын абалы боюнча эч кандай маалыматтар айтыла элек. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, кырсык техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам келип чыккан.

"Кырсыктан улам айрым рейстер кармалып, кээ бирлери Дубайдын экинчи "Dubai World Central" аба майданына жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан