Футбол боюнча Кыргыз курама командасы 3-июндан 10-июнга чейин Бишкек шаарында окуу машыгуу жыйындарын өткөрөт. Бул тууралуу Футбол федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, окуу-машыгуу жыйындарына чакырылган футболчулардын кеңейтилген курамына 25 оюнчу кирди. Акыркы состав 31-майда белгилүү болот.
25 футболчунун ичинен улуттук курамага алгачкы жолу Гүлжигит Алыкулов жана Александр Мищенко чакыруу алды. Мищенко жыл башында Кыргыз жарандыгын алса, Алыкулов буга чейин Кыргыз курама командасынын жаштар курамында ойноп келген.
Окуу-машыгуу жыйындарына чакыруу алган футболчулардын тизмеси:
Дарбазачылар:
Калысбек Акималиев ("Абдыш-Ата"), Валерий Кашуба, Павел Матяш ("Дордой")
Коргоочулар:
Тамирлан Козубаев ("ПКНС", Малайзия), Мустафа Юсупов, Курсанбек Шератов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Айзар Акматов ("Дордой").
Жарым коргоочулар:
Бахтияр Дүйшөбеков ("Башундхара Кингз", Бангладеш), Азиз Сыдыков ("Санат Нафт Абадан", Иран), Эдгар Бернхардт ("Тыхы", Польша), Муролимжон Ахмедов, Ислам Шамшиев, Фархат Мусабеков, Антон Землянухин, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу ("Дордой"), Ахлидин Исраилов ("УиТМ", Малайзия), Турсунали Рустамов ("Худжанд", Тажикстан), Одилжон Абдурахманов ("Алай"), Алимардон Шукуров ("Абдыш-Ата"), Гүлжигит Алыкулов ("Неман", Беларусь).
Чабуулчулар: Эрнист Батырканов, Мирлан Мурзаев ("Дордой").