Ошто каналдын жээгинде ойноп жаткан 8 жашар бала сууга агып каза болду

Ош шаарында 8 жаштагы бала үйүнүн алдындагы каналдагы сууга агып кетип, каза болду. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8 жашар бала 15-май күнү саат 21:30 чамасында Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү сууга аккан.

"Д.М. өзүнүн үйүнүн алдындагы каналдын жээгинде ойноп жатып, кокустан сууга кулап кеткен. Аны суудан чыгарып, Ош облустук балдар ооруканасына алып барышкан. Бирок бала ооруканага жетпей каза болуп калган", - деди шаардык милициянын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2019-05-17 17:14:07
Сезон башталды балдарды суунун жегенинен ойнотпой карайык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан