Ээсине ондогон миллион доллар каражат алып келген интернеттеги белгилүү мышык өлдү

Интернет айдыңына "Каарданган мышык" деген ат менен белгилүү болгон мышык өлүп калганын чет элдик басылмалар анын ээсинин жазып чыкканына таянуу менен жазышууда.

Маалыматка ылайык, 14-майда өлгөн. Ал 7 жыл жашады.

"Каарданган мышык" 2012-жылдан тартып эле интернетте жаныбарларды сүйүүчүлөрдүн көңүлүн бура баштаган. Анда анын өзгөчөлөнгөн кабагын ээси сүрөткө тартып жүктөгөн. "Каарданган мышык" ал сүрөтүндө кандайдыр бир жагдайга нааразы болуп тургандай көрүнгөн, көпчүлүк жаныбардын мындай эмоцияны көрсөткөнүнө таңданып, фотошоп деп ойлошкон. Андан көп өтпөй ээси интернетке анын видеосун жүктөгөндө мышыктын чыныгы кабагына ишенишкен. Анын мындай көрүнүшүн каардуулукту, ачууланган, кайсы бир абалды жактырбай жаткан учурду сүрөттөөдөгү мемге айландырышкан жана анын кебетеси бүтүндөй интернет ааламына тараган.

Анын өзүнүн аты - Соус Тартар кыскартып Тард деп коюшат.
7 жыл ичинде Тарддын интернеттеги жеке баракчаларына катталгандардын саны 2 миллиондон ашкан. Аны ири маалымат каражаттары ар кандай шоу-берүүлөргө, ишканалар мышыктардын азыктарынын сырткы жасалгасына, жарнактарга тартып турушкан. Мындан тышкары ал Рождество майрамына арналган фильмдердин биринде роль аткарган. Айрым маалымат каражаттары Тард кожоюндарына ондогон миллион доллар каражат кирешени алып келип турганын жазышат.
Бүгүн көптөгөн интернет колдонуучулар өздөрүнүн баракчаларына Тарддын сүрөтүн жүктөп, анын өлүмүнө кайгырып жатышкандыктарын жазышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Avrora2017
2019-05-17 23:30:28
Кыргызстандын эстрада жылдыздарынанда ашып кеткенго кайран мышык, ээсин байытып кетиптирда
+6
bond
2019-05-18 00:28:29
Avrora2017, Самара Каримова мышыка жетем деп жүрөт турбайбы.
+14
Avrora2017
2019-05-18 06:34:11
bond,:)))))
+3
XATSAN125
2019-05-18 06:59:28
Самара окуп алып озун не удобно сезгендир а мышык менден отуп кетиптир деп
+9
Kantana
2019-05-18 15:13:10
Мен дагы мышык баксам окшойт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан