Бишкекте Кыргыз жана Япония өлкөлөрүнүн маданий фестивалы өтөт

25-майда Бишкекте Кыргыз жана Япония өлкөлөрүнүн “Сацуки Мацури” достук маданий фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Фестивалда Япониянын салты, маданияты жана искусствосу менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Катышуучулар оригами (кагаздан түрдүү фигураларды жасоо) менен алектенип, япон оюндарын ойноп, улуттук кийимдерди кие алышат. Ошондой эле чай ичүү салтанаты өтүп, япон ашканасынан тамактар жасалат. Мындан сырткары барабанчылар өнөрүн көрсөтсө, айкидо, каратэ, кендо, сумо, дзюдо менен машыккандар спорттук программасын тартуулашат. Иш-чара Кыргыз-Япон борборунда болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан