Жогорку Сот Райымбек Матраимовду кызматына кайра коюу боюнча шаардык жана райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

Жогорку Сот Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча Бишкек шаардык соту менен Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Белгилүү болгондой, соттук процесс 17-майда бүттү. Жактоочусу Татьяна Карыжинская Райымбек Матраимов анын кызматтан алынышы негизсиз болгонун аныктоо үчүн 1 жарым жыл соттошконун билдирген.

Жыйынтыгында эки инстанциянын соттору Матраимовго карата өкмөттүн чечимин мыйзамсыз деп тапкан. Анын айтымында, соттук иштердин башкы максаты ага карата болгон мамиленин адилетсиз болгонун мыйзамдуу жол менен далилдөө болгон. Бул максат ишке ашты жана ал кайтууга ниети жоктугун билдирген.

Окуянын чоо-жайы: 2017-жылдын 23-ноябрында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 2018-жылы 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Сапар Исаковду сотко берген. Райымбек Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан