Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында жайгашкан Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде Тойота Ист жана Мерседес-Бенц унаалары сүзүшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 18-майда болгон кырсыктын кесепетинен Тойота Ист унаасындагы 5 адам ар кандай жаракаттарды алышты. Алар куткаруучулар тарабынан тоннелден чыгарылгандан кийин биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Кийин "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүлүп, жабыркагандар Кара-Балта шаардык ооруканага жеткирилди. Ал эми Мерседес-Бенц унаасындагы 3 адам жабыркаган эмес.