Ырчы Азалия Дүйшөналиева бүгүн, 18-майда туулган күнүн белгилеп жатат. Ал 1989-жылы Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы Сайкал Садыбакасова менен таанышып, андан соң "Кыз-Бурак" тобунда ырдап калганын айтканы бар. 2017-жылдан бери жеке ырчы катары ырдап жүрөт.
Ырчы туулган күнүн жакын адамдары менен бирге тосорун айтты. "Буга чейин кандай нерселерге жетиштим, эмнеге жетише элекмин деп ойлонуп калат экенсиң. Түнкү саат 00:00дөн тартып куттуктап башташты. Досторумдун күтүлбөгөн жерден куттуктап келгени жагымдуу болду. Жакындарым, сахналаштарым каалоо-тилектерин айтып жатышат. Досторум менен бирге белгилейбиз", - деди ырчы.
Ырчы эл аралык сулуулар сынагына да катышып жүрөт. Былтыр октябрь айында Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өткөн "Miss Cosmopolitan World-2018" сынагына катышкан. Ушул жылдын март айында Египетте өткөн "Miss Eco International" сулуулук сынагына катышып, анда ТОП 15ке кирди. "Жаным ай", "Өмүр белеги", "Жаныңда", "Алыстадым" аттуу ырлары бар.
18-майдын жылнаамасы.