Кичинекей сулуу кыздар жана балдардын эл аралык сынагына Кыргыз жеринен барган катышуучулар сыйлык менен кайтышты

Түркиянын Бодрум шаарында кичинекей сулуу кыздар жана балдардын арасында эл аралык сынак өттү. Ага Кыргыз жеринен 7 жашар Рамин Исламов, 10 жаштагы Хавина Исламова жана 11 жаштагы Маргарита Салюкова катышып, сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу модель Айжамал Осмонова билдирди.

Маалыматка караганда сынакка Украина, Казакстан, Орусия, Черногория, Түштүк Африка, Израиль жана Монголия өлкөлөрүнөн катышты.

10 күн аралыгында катышуучулар подиумда басуу, хореография боюнча сабак алып түрдүү иш-чараларга катышты. Сынактын жыйынтыгында Хавина Исламова "Дүйнөнүн кичинекей сулуусу", Рамин Исламов "Дүйнөнүн кичинекей сулуу мырзасы", Маргарита Салюкова "Дүйнөдөгү мыкты кичинекей фотомодель" наамына татыктуу болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ka2sr1
2019-05-18 16:14:28
Азаматсынар. Кыргыздын кыздары сулуу болуп журо бергиле.
+1
Kairat1996
2019-05-19 13:14:38
Молодцы сулуу кыздар. Жузунордон сулуулук кетпесин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан