Нидерландынын өкүлү 25 жаштагы Дункан Лоуренс "Евровидение-2019" эл аралык ыр сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Ал көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 492 упай топтоду.
Анын "Аркада" аттуу ыры үмүтсүз сүйүүгө арналган. Анда "сени сүйүү - бул алдын ала утулушка алып келген оюн", "мен сүйүүмдү короттум", "мага сенин оюндарың кереги жок, оюн бүттү" деген саптар бар.
Сынакта экинчи орунда 465 упай менен италиялык ырчы Махмуд "Soldi" ("Акча") ыры менен жайгашты. Үчүнчү орунду "Scream" ("Кыйкыруу") ырын аткарган орусиялык Сергей Лазарев 369 упай топтоп ээледи.
Финал Израилдин Тель-Авив шаарында өттү. Жалпысынан сынакта 26 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.