Африкада белгисиз бирөө Арнольд Шварценеггерге чабуул жасады

Түштүк Африка Республикасында 71 жаштагы америкалык актёр, спортчу жана саясатчы Арнольд Шварценеггерге чабуул жасалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя 18-майда өлкөнүн Йоханнесбург шаарындагы спорт залдардын биринде орун алды. Арнольд ал жерде өтүп жаткан бодибилдинг боюнча мелдешке калыс катары барган. Иш-чаранын жүрүшүндө белгисиз бирөө Шварценнегердин артынан чуркап келип эки буту менен секирип белге тепти. Жан сакчылары аны дароо кармап алышты.

Чабуулдан улам актёр жабыркабаганын видеодон көрсө болот. Бул окуядан кийин ал комментарий жазды. "Тынчсызданганыңарга рахмат, кабатыр болбогула. Көп адам артымдан түртүп жатат деп ойлогом. Мындай нерсе көп жолу кездешип турат. Ал эми мага чабуул жасалганын окуядан кийин видеодон көрдүм", - деди актёр.

Иш-чаранын уюштуруучулары билдиришкендей, Шварценеггерди белге тепкен киши буга чейин ушул сыяктуу аракеттерди жасаганы менен жергиликтүү полицияга белгилүү. Актёр ага каршы доо-арыз жазбай турганын билдирди. Ал бул окуяны жаман күйөрманынын кылыгы деп баалады.

Арнольд Шварценеггерди бирөө артынан секирип тепти
Арнольд Шварценеггерди бирөө артынан секирип тепти (2)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Benazir08
2019-05-19 13:40:43
Кантсе да 71 жаштагы чал экен. Бирок мололец куйорманына арыз жазбагыны. Ал эмне себептен тепкен экен маалымат алып койгула окуп коебуз
+3
Mirlan27011987
2019-05-19 13:49:48
71 чыкса да сакал койбогон молодец экен. Бизде жаш болуп туруп, абышкадан бетер сакал коюп алышат экен.
-12
Agayu
2019-05-19 14:29:54
Туштук Африка бул олко Африкадагы эн бай мамлекет .Буларга Европа Акш нын колдолору менен тез байыган , ошого карабастан кара тустуу элдер ак тустуулорду ото жаман корушот.Бизде макал барго Эшеке мин гилем жапсан деле эшек бойдон кала берет .Алар кедей болуп жашаганына окунушот окшойт.Коп туристер этияттык менен барышат.
+2
Makain
2019-05-19 16:46:09
Agayu,гилем эмес килем
-4
shahlet
2019-05-19 16:53:58
Бул жигит Африкалык кенгурунун бири экен.Эки буттап тээп
+1
bond02
2019-05-19 17:51:37
Аа дагы 71ге чыкканда тептин да, 30-35 жашында тепкенде бутун сынат эле.
+3
Kyrgyz_bloger
2019-05-19 17:52:20
Бизде бир кыргыз саясатчыны тепкенде сотко берип 20 миллион толосун демек.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан