Дүйнөдөгү эң улуу түгөйлөрдүн бири каза болду

Дүйнөдөгү эң улуу түгөйлөрдүн бири япониялык Масао Мацумото 108 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, анын жубайы менен жалпы жаш курагы дээрлик 210 жыл болуп, түгөйлөр былтыр август айында "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген. Алар 1937-жылы үйлөнүшкөн. Түгөйлөр кол кармашып, чогуу жашаганына 81 жыл 201 күн болуп, бул рекорд катары катталды. Мацумотолордун 5 кызы бар. Ал эми алардын 13 небереси жана 25 чебереси болгон.
Буга чейин эң узак чогуу жашаган түгөйлөр улуу британиялыктар Гурдрен жана Карла Дольвендер болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Cherik.777
2019-05-20 00:23:58
Бизгеда ушул жашты насип кылсын
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан