Футбол жылдыздары Рибери жана Роббен "Бавария" менен коштошту

Футбол жылдыздары 35 жаштагы Арьен Роббен жана 36 жаштагы Франк Рибери "Бавария" футбол клубу менен коштошушту. Алардын акыркы оюну Бундеслиганын акыркы турунда чемпиондукка алып келген беттеш болду. Анда "Бавария" "Айнтрахт" клубуна каршы ойноп, Роббен да, Рибери да бир голдон киргизишти.

Рибери бул командага 2007-жылы, Роббен 2009-жылы келген. Бири клубда 12 жыл, экинчиси 10 жыл болуп, футболдук карьераларын ийгиликтүү өткөрүштү. Жалпысынан экөө тең германиялык клуб үчүн жалпысынан 268 жолу айырмаланышты. Рибери менен Роббен "Баварияга" 8 өлкө чемпиондугун, 4 Германия кубогун, 5 Германия суперкубогун, Чемпиондор Лигасын жана клубдан арасындагы дүйнө кубогун утууга чоң салым кошушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан