Кыргыз Премьер-Лигасы: "Дордой" 3-жолу пенальти аткарганына карабай өз талаасында "Алайдан" жеңилип калды

Бүгүн, 19-майда футбол боюнча Кыргыз Премьер-Лигасынын 7-турунун алкагында Бишкектин "Дордой" клубу Оштун "Алай" командасын кабыл алды.

Борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алган беттеште коноктор 3:4 эсебинде жеңишке жетишти.

Оюндун 8-мүнөтүндө 11 метрлик айып соккудан Антон Землянухин эсеп санын ачты. Ал эми 16-мүнөттө Акрамжон Умаров эсепти теңеди. 30-мүнөттө Дмитрий Островский конокторду алдыга алып чыкса, 35-мүнөттө Жоел Кожо эсепти 3:1ге жеткирди.

56-мүнөттө "Алайдын" дарбазасына 2-жолу пенальти дайындалып, бирок бул ирет Землянухин топту дарбазадан жогору багыттады. 74-мүнөттө Кайрат Жыргалбек уулу бир гол жаратып эсепти кыскарта алды. Ал эми 80-мүнөттө "Дордойдун" пайдасына 3-пенальти дайындалып, Вахыт Оразсахедов эсепти теңеди. Бирок 1 мүнөт өткөндөн кийин Жоел Кожо кайрадан гол жаратып, конокторду алдыга алып чыкты. Жыйынтыгында оюн 3:4 эсеби менен "Алай" клубунун пайдасына чечилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
ADRENALIN.
2019-05-19 23:58:34
Судья да өлгөн экен да
+6
Kyrgyz_bloger
2019-05-20 00:11:58
Бир оюнда уч пенальти бул шерменде да.
+13
Gisi
2019-05-20 00:15:36
Фу мин ден да өтүп кетиптир бул судья
+10
JENTLEMAN
2019-05-20 00:29:05
Судьянын жардамы өтпөй калыптырда. Судья ушунчада тартасыңбы позор. Барса реалды ургандай, Алайда постоянно Дордойду урат.
+7
Eka.kg
2019-05-20 01:47:08
Дордой, Таджикстандын чемпиондорун утуп чарчап калышканго.
+10
JENTLEMAN
2019-05-20 02:19:41
Eka.kg, "Чарчадыңар оңой эле жеңип алгыла" деп ошого үч жолу пенальти коюп бергенго э))?. Эгер пенальти бербегенде 0-4 кө разгром болмок экенго).
+5
Wibee
2019-05-20 04:20:10
Алга! Алай!алгалайбер
+2
Alixan-Nookat.2015
2019-05-20 04:24:18
Судья пенальти менен жендирем деп ойлоп,бирок ойу ишке ашпай калганго бир оюнда 3 пенальти шермендечилик.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан