Москвада эч жерде иштебеген аял жол тандабас унаасынан 5 миллион рубль акчасын уурдатып жиберди

Москвада эч жерде иштебеген аял унаасынан 5 миллион рубль акчасын уурдатып жиберди. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ кечинде Мичурин кең көчөсүндө орун алган. Анда 1961-жылы туулган аялга таандык Mercedes-Benz Gelandewagen үлгүсүндөгү унаанын ичинен 4 миллион 995 миң рубль акчасын белгисиз адамдар уурдап кеткен. Мындан сырткары кылмышкерлер унаанын ичинен аялга таандык кымбат баалуу көз айнегин да алышкан.

"Келтирилген жалпы чыгымдын суммасы 5 миллион 15 миң рублду түздү. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Учурда кылмышкерлерди издөө иш-аракеттери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bond02
2019-05-20 11:48:40
Эч жерде иштебеген аял болсо, анда ошончо акча бар экени чын бекен.
-2
kazakov1991
2019-05-20 14:57:37
минген машинасы глендваген болгондон кийин демек барда акчасы
+2
Apyn8793
2019-05-20 19:00:12
Байдын аялы да.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан