Москвада чет мамлекетке эс алууга кетип бараткан жаран учак учуу алдында аэропорттон аялын таппай калып, рейсти кармоо үчүн сумкасында бомба бар деп калп айтты. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ Москвадагы Шереметьево аба майданында орун алды. Анда Брянсктын тургуну аялы менен чогуу Түркияга эс алууга учушмак, бирок каттоо убактысы келгенде аялын таппай калган.
"Айласы кеткен киши каттоого келгенде "Эгер менин сумкамда бомба бар десем рейс кармалабы?" деп сураган. Андан соң ал "бомба жарылып кетиши мүмкүн" деп эскертүү берген. Натыйжада рейс кармалып, ал эми жалган маалымат берген адамга протокол түзүлгөн. Натыйжада ал да, аялы да эс алууга барбай калышты", - деп айтылат маалыматта.