Телеалпаруучу Максат Довранов бүгүн, 20-майда ак жоолук салынган кыз менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Ал күйөрмандарына ийгиликтүү күн каалаганы менен, жанындагы сулуу тууралуу эч нерсе айткан эмес. Интернет колдонуучулары дароо эле үйлөнгөнүн божомолдоп, аны куттуктап башташты.
Максат Доврановдун жанында ак жоолук салынган кыз - 24 жаштагы Жибек Жумабаева. Ош шаарында сулуулук тармагында иштейт. Ал SUPER.KG порталына сүрөткө клип тартуу учурунда түшүшкөнүн билдирди. Довранов менен Жумабаева ырчы Ильяс Кудретовдун "Тамчы жаштар" аттуу ырына тартылган клипте роль жаратышууда.
2017-жылдын 14-ноябрында телеалпаруучу Максат Довранов ырчы Сайкал Садыбакасовага үйлөнгөн. Бирок түгөйлөр ушул жылдын башында ажырашканын айтышкан.