УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы Аскер прокуратурасы менен биргеликте УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү материалдары боюнча 50 миң сом пара алып жаткан учурунда УКМК кызматкери Н.Аны кармашты. Шектүү 17-майда кармалган.
"Кармалган адам текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизондук гауптвахтасына киргизилди", - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.