Тажикстанда күчөтүлгөн режимдеги абакта жаңжал чыгып, анын жыйынтыгында 29 адам каза болду. Бул тууралуу 20-майда чет элдик басылмалар өлкөнүн Юстиция министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, "Ислам мамлекети" уюмунун мүчөсү катары күчөтүлгөн режимде жазасын өтөп жаткан 30 адам абактагы 3 кызматкерди барымтага алып, андан соң аларды өлтүрүп коюшкан. Камактагылар колуна бычактарды кармап, өздөрүн бошотууну талап кылышкан. Абактын администрациясы аларга карата ок атуу чечимин кабыл алган. Азыркы тапта абакта кырдаал көзөмөлгө алынып, окуянын келип чыгуу себептери аныкталууда.