
"Пари Сен-Жермен" футболдук клубунун чабуулчусу
Килиан Мбаппе жакынкы аралыкта клуб алмаштыраарын кыйытты.
Жекшембиде Мбаппе жыл ичиндеги Франция чемпиондугунун мыкты оюнчусу наамына ээ болду. Сыйлык тапшыруу аземинде футболчу алдыдагы максаттары менен бөлүшүп жатып:
"Мен өз карьерамдагы биринчи же экинчи чоң өзгөрүүгө жакындап келе жатам. Бул жерден көп нерсени үйрөндүм жана өзүмө дагы көбүрөөк жоопкерчиликти алуу мезгили келди деп ойлойм. Мунун баары "ПСЖ" клубунан ишке ашат деп үмүттөнөм. Бирок башка жерде да ишке ашышы мүмкүн", - деп билдирди Мбаппе.
Айрым маалымат булактарында "ПСЖ" Мбаппени мадриддик "Реалга" кетирбөө үчүн жылына 40 миллион евро сунуштаганы тууралуу маалыматтар тараган. Жыйынтыкталган сезондо франциялык форвард биринчи лигада 28 беттеш өткөрүп, 32 гол жаратууга жетишти. Анын клуб менен келишими 2022-жылдын жай айларына чейин түзүлгөн.