"Манчестер Сити" Англиядагы футболдук мелдештердин баарын жеңип рекорд койду

19-майга караган түнү футбол боюнча Англия кубогунун финалдык беттешинде "Манчестер Сити" менен "Уотфорд" командалары беттешти. Оюнда Габриэл Жезус менен Рахим Стерлинг экиден, Давид Сильва менен Кевин де Брёйне бирден гол жаратып, жыйынтыгында беттеш 6:0 эсебинде манчестердик клубдун пайдасына чечилди.

Муну менен Хосеп Гвардиола машыктырган команда бул сезондо Англиядагы бардык мелдештерди жеңип рекорд койду. Февраль айында Англия футболдук лигасынын финалында "Манчестер Сити" "Челси" клубун жеңип, сезондогу алгачкы кубокко ээ болгон. Беттештин негизги жана кошумча убактысы 0:0 эсебинде жыйынтыкталып, пенальтилер сериясында 4:3 эсеби менен Гвардиоланын шакирттери жеңишке жетишкен.

Ал эми 12-майда Англия Премьер-Лигасынын акыркы турунда "Брайтон" клубун 4:1 эсебинде жеңип, кезектеги 3 упайга ээ болгон "Манчестер Сити" 97 упайы менен 2-орунда келе жаткан "Ливерпулдан" 1 упай ашып өтүп чемпиондукту илип кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
macho90
2019-05-20 21:11:13
Чемпиондор лигасын утканда вапше өлмөк экен
+4
warcaw
2019-05-21 18:28:38
macho90,анда требл болмокда
0
Bale1111
2019-05-20 23:46:02
Премер лиганы Ливерпуль алса жакшы болмок
-2
JENTLEMAN
2019-05-20 23:50:32
Быйыл АПЛ ды өзгөрттү, эмки сезондо Европаны өзгөрткөнгө аракет кылышса.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан