Актриса Скарлетт Йоханссон үчүнчү ирет турмушка чыгат

Белгилүү актриса Скарлетт Йоханссон үчүнчү жолу турмушка чыгуу алдында турат. "Өч алуучулардын" жылдызынын бул жолку тандоосу комик Колин Жост болду.

Йоханссон менен Жосттун никелешүүсү тууралуу актрисанын жакындары билдирген. Үлпөт тойдун качан болору азырынча белгисиз.

Скарлетт Йоханссон азыр 34 жашта. Актрисанын биринчи жолдошу "Дедпул" жылдызы Райан Рейнольдс, ал эми экинчиси журналист Ромен Дориак. Экинчи никесинен бир кызы бар.

36 жаштагы Жост буга чейин үйлөнгөн эмес. Ал белгилүү Saturday Night Live телешоусунда сценарист болуп эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан