Куудул Евгений Кошевой Володимир Зеленскийдин ант берүү аземине кантип даярданганын көрсөттү

20-майда Володимир Зеленскийдин Украинанын президенттик кызматына киришүү салтанаты орун алды. Жаңы шайланган президенттин жакын досу, куудул Евгений Кошевой маанилүү иш-чарага кантип даярданганын көрсөттү.

Куудул Instagram баракчасына олуттуу карап, бетине бырыштардан арылуу үчүн лейкопластырь чаптаган, башында түстүү ленталар илинген сүрөтүн жарыялады.

Евгений Кошевой сүрөттүн астына "ант берүү аземине даярбыз" деген билдирүү калтырып, "зеленскийпрезидент" хэштегин койгон.

Буга чейин Кошевой Украинанын президенттикке талапкерлердин дебатына сөгүнгөн жазуусу бар футболка кийип келген. Ал бүгүн, 20-майда Зеленскийди колдоо максатында "95 квартал" жазуусу бар кепка кийип келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан