Бишкекте жалгыз жашаган 83 жаштагы кемпирдин үйүнө ууруга кирген эки белгисиз жаран аны мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-апрелде Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкектеги Лагерная көчөсүндө жайгашкан үйдө аял кишинин жансыз денеси жатат деген билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу аял киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Анын колдору байланып, башына кездеме кийгизилип, денесине ар түрдүү залал келтирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 130-берене (адам өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
"Кылмышка шектүүлөрдү Ленин РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери жашырынып жүргөн жеринен кармашкан. Алар мурда соттолгон 38 жаштагы Х.Т. жана 54 жаштагы П.М. аттуу жарандар болушкан. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.