Ысык-Атада 4 жаштагы бала каналдагы сууга түшүп кетип каза болду

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 20-май күнү 4 жаштагы бала каналга түшүп кетип, каза болуп калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-май күнү саат 09:53 чамасында Кеңеш айылынын Осмон-Темир көчөсүндө жайгашкан каналга 2015-жылы туулган Ө.Н. аттуу бала түшүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМнын №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ИИМдин кызматынан 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам чыккан. Саат 10:33тө куткаруучулар тарабынан баланын жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан