Кыргыз жөө күлүгү Дарья Маслова Казакстанда өткөн жарым марафондо жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясы кабарлады.
Маалым болгондой, Маслова 21 чакырым 95 жарым метр аралыкты 1 саат 13 мүнөт 34 секундда чуркап өткөн.
"19-майда Карагандада өткөн "Арманга жол" деп аталган жарым марафондо аялдар арасында Дарья Маслова жеңүүчү аталды. Ал эми дагы бир Кыргыз спортчусу Мария Коробицкая 1 саат 18 мүнөт 4 секундда марага келип, 4-орунду ээледи.
Эркектер арасында Кыргыз өлкөсүнөн барган спортчулар Жоодарбек Көчкөнбаев 1 саат 7 мүнөт 47 секунддук көрсөткүч менен 3-орунду алса, Илья Тяпкин 1 саат 8 мүнөт 24 секундда 4-болуп марага келген", - деп айтылат маалыматта.
2019-жылы Маслова Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүндө өткөрүлгөн марафондорго катышып, баарында жеңүүчү аталган.