Тимати Егор Криддин Black Star менен кош айтышкандыгы тууралуу Instagram баракчасына видео кайрылуу аркылуу үн катты.
Репердин айтымында, лейбл менен Егор Криддин ортосундагы келишим эч кандай талаш-тартышсыз жокко чыгарылган. Ошону менен бирге ал "Егор Крид" товардык белгисин миллиардер Борис Ротенберг сатып алды деген ушак кептерди да четке какты.
"Тилекке каршы, Борис Ротенберг бул келишимде болгон эмес. Егор менен биздин чыгашалар тууралуу жекеме-жеке макулдаштык. Бүгүнкү күндө Егор Крид Black Star`дан көз карандысыз эркин ырчы. Келишимди улантуу боюнча оюбуз жок", - деди Тимати.
Март айынын башында социалдык тармактарда Крид каймана аты менен белгилүү аткаруучу Егор Булаткин Black Star`дан кетери тууралуу ушактар тараган. Бул маалыматты компаниянын башкы директору Павел Курьянов тастыктап, "Егор Крид" товардык белгиси продюсердик борборго таандык экенин айткан. Ал эми Тимати бул жагдай тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.