Украина: Экс-президент Петро Порошенкого кылмыш иши козголду

Украинанын Мамлекеттик териштирүү бюросу экс-президент Петро Порошенкону өлкө чыккынчылыгына айыптап кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган бюронун басма сөз кызматы маалымдады.
Мамлекеттик бюро белгилегендей, кеп 2018-жылдын 25-ноябрында Кара деңизден Азов деңизине Керчен кысыгы аркылуу өткөн Украинанын аскердик кемелери жөнүндө болуп жатат.
Арызды экс-президент Виктор Януковичтин администрация башчысынын орун басары Андрей Портнов калтырган. Анын айтымында, Порошенко өлкөнү башкарып турганда украиналык моряктарды Керчен кысыгына жиберип, аларды садага чапкан.
2018-жылдын ноябрында Украинанын 3 аскердик кемеси "Керчен кысыгында Орусия Федерациясынын чек арасын мыйзамсыз бузуп өткөн" деген жүйө менен украиналык 24 аскерди Орусия соту камакка алган. Орусиянын президенти Владимир Путин окуяга украин бийлигинин шайлоо алдындагы провокациялык иш-аракети катары баа берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zhoro
2019-05-22 13:15:43
Аларда кол тийбестик жокпу?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан