Калифорния университетинин инженерлери кышкы сууктан жана жайкы ысыктан коргонуунун өзгөчө жолун ойлоп табышты. Алар адамды жылытып жана сергите турган гаджет иштеп чыгышканын чет элдик басылмалар жазышууда.
Мындай прибор кондиционерлер жана жылыткычтарга коротулган электр энергиясын үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.
Гаджет адамдын билегине байлана турган болуп, термо-электр жылыткычтарын жасоого колдонулган шаймандардан жасалган. Курамы кубаттандыргыч, термоэлемент жана башка жумшак компоненттерден турат. Прибор колдонуучу тандаган температурада жылытып же муздата алат.
Ойлоп табуучу Ренкун Чендин айтымында, гаджет толугу менен жылыткычтарды же кондиционерлерди алмаштыра албайт, бирок адамга ыңгайлуу температураны жеткире алат.
Прибор канча температурага чейин иштери жана кубаты канча убакытка жетери азырынча белгисиз.